Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:17

Ош: Мектептердеги коопсуздукту камсыздоого күзөт агенттиктери менен студенттер тартылат


Бул туурасында бүгүн «Азаттыкка» кабарлаган Ош шаардык агартуу башкармалыгынын жетекчиси Абдивали Балтабаевдин айтышынча, быйыл 57 мектепте элүү бир миң окуучу билим алмакчы. Алардын коопсуздугун менчик күзөт агенттиктеринин кызматкерлери, ошондой эле жогорку окуу жайларынын студенттери камсыз этишмекчи. Булардын жарым-жартылайынын маянасын Бириккен улуттар уюмунун Балдар фондусу төлөй тургандыгын билдирди. Мындан тышкары калаанын башкы агартуучусу аймакта 350 мугалим жетишпей жаткандыгын, алардын ордун ЖОЖдордун жогорку курстарынын студенттери толуктаарын кошумчалады.

Буга чейин түштүк башкалаасынын мэри Мелисбек Мырзакматов оштук студенттердин жана окуучулардын коопсуздугун туруктуу камсыз кылуу иретинде баш-аягы беш жүздөй милиция зарыл экендигин белгилеп, бул маселе жогорку бийлик тарабынан толук чечилмейинче жаңы окуу жылын баштабай турууну сунуштаган.

Бирок өкмөт өкүлдөрү түштүктө кырдаал турукташып бараткандыгын, сабак мектептерде 1-сентябрдан, жогорку окуу жайларында парламенттик шайлоодон кийин, 18-октябрдан тарта башталаарын жарыялашкан.
(ATo)

XS
SM
MD
LG