Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Amnesty International укук коргоочу А.Аскаровдун тагдырына тынчсызданды


Өзбек улутундагы Алимжан Аскаров, эл аралык Мунапыс уюмунун билдирүүсүндө айтылгандай, Базар-Коргондо болгон “массалык башалмандыкты уюштурду”, “этникалык жек көрүүчүлүккө үндөдү” жана милиция кызматкерин өлтүрүүгө катыштыгы бар деп күнөөлөнүп, 15-июнда кармалган. Ага 13-августта “адамдарды барымтага алууга аракеттенди”, “мыйзамсыз курал жарак сактады”, “этникалык жек көрүүчүлүккө чакырды” деген жана башка айыптар тагылган. Мунапыс уюмунун ырасташынча, Азимжан Аскаров тополоңдо кыргыз деп шектелген куралчан жана аскерий формачан адамдардын жергиликтүү өзбектерди өлтүргөнүн, алардын үйлөрүн өрттөгөнүн видеого жана сүрөткө тартып жүргөн. Укук коргоочу абак жайда “узактан бери ур-токмокко алынууда”, анын балдызы менен адвокатын Базар-Коргондогу чатакта өлгөн милиционерлердин туугандары деген адамдар кол салган, деп белгиленет Эл аралык Мунапыс уюмунун билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG