Сох анклавында 2 күндө Кыргызстанга тиешелүү 50дөй унаа кармалып, чек арачылардын сүйлөшүүсүнөн кийин бошотулду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук акимчилигинин укук жана коргонуу бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын Сох анклавында 26-август күнү кыргызстандык 20дай унаа, 27-августта 30 унаа кошуна өлкөнүн күч кызматтары тарабынан кармалган. Бул иш боюнча эки өлкөнүн жергиликтүү чек арачыларынын сүйлөшүүлөрү жүрүп, кармалган унаалар бошотулган.
Таштемир Эшалиев массалык түрдө унааларды анклавда кармоо Өзбекстандан атайын кызмат өкүлү Кыргызстанда тергөөдө тургандыгы менен байланыштуу жасалып жатканын айтты.
Мындан бир апта мурда Өзбекстандын коопсуздук кызматынын бир өкүлү жана 3 чек арачы Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз чек арадан өткөн, аткезчилик менен товар ташыган деген айып менен кармалып, тергөө иштери жүрүп жаткан болчу. (JsA)