Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

НАТО Ооганстанда 21 талип согушчанын жок кылды


Ишемби күнү үрүл-баралда Ооганстандын чыгышындагы коалициялык күчтөрдүн эки базасына козголоңчулар чабуул жасады. НАТОнун Ооганстандагы аскерий жетекчилигинин маалымдашынча, салгылашууда кеминде 21 согушчан жок кылынып, беш адаватчы туткунга алынган. НАТОнун төрт жоокери жарадар болгон.

Талиптер Хост провинциясындагы НАТО башындагы эл аралык күчтөрдүн эки базасына чабуулду жасаганын билдирди. Алардын өкүлү Забуйла Мужахиддин маалымдашынча, урушта чет элдик 18 аскер жок кылынган. Провинциянын полиция акими Абдул Хаким Ишакзиянын билдиришинче, эки базага кол салууга талиптер тараптан 48 согушчан катышкан.

XS
SM
MD
LG