Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:54

Аксыда мамлекеттин чек араларын тактоо маселеси көтөрүлдү


Президент Роза Отунбаева бүгүнкү Аксы районуна болгон иш сапарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары менен жолугушту. Кербен айылынын тургундары менен болгон жолугушууда чек арага жакын жайгашкан район, айылдарды өнүктүрүү жана чек араны тактоо маселелерине көңүл бурулду. Айрым тургундар Кыргызстандын жерлеринин коңшу өлкөлөрдүн карамагына өтүп кеткенине жергиликтүү бийлик аракет көрсөтпөй жатканын белгилешти.

Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Роза Отунбаеванын мындан аркы сапары Тогуз-Торо районунда уланат. Эртең, 30-августта “Камбар-Ата-2” ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүү салтанаты президентин катышуусунда өтөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG