Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Баткен: Кадрлар качан туруктуу иштейт?


Президент Р. Отунбаева 29-июлда Баткенге иш сапары менен барган, облустагы иштин кырдаалы менен таанышкан
Президент Р. Отунбаева 29-июлда Баткенге иш сапары менен барган, облустагы иштин кырдаалы менен таанышкан

Баткенде мамлекеттик кызматтан кеткен үч адам облустук акимчиликтин буйруктарын сот аркылуу жокко чыгарып, кайрадан мурда ээлеген кызмат ордуларына келмей болду. Апрелдеги бийлик алмашкан окуялардан кийин жергиликтүү бийлик органдарында кадрлардын туруктуу иштей албай жатышынан мамлекеттик башкаруу көп жагынан өксүп жатат.

7-апрелдеги бийлик алмашкан окуялардан кийин облус жетекчисинин буйругу менен аймакта дээрлик көпчүлүк район-шаарларда кызматтык дайындоолор болуп, акимдин орун басарлары алмашкан болчу. Ошол учурда кызматтан кеткен Баткен жана Лейлек райондорунун акиминин орун басарлары жана облустук гезиттин жетекчиси губернатордун чечимдерин мыйзамсыз деп сотко берип, жеңип чыгып, кайрадан мурда ээлеген кызматтык орундарына келмей болушту.

Апрель окуясынан кийин Баткен районунун акиминин биринчи орун басары болуп дайындалган Турсунали Төлөмүшов губернатордун буйругу соттон утулуп калды, эгерде ушундай болуп мурдакы кадрлар соттон ута берсе, бүтүн өлкө боюнча министрлер баш болуп канчалаган кишилер кайра келе баштайт, деп билдирген эле Азаттыка.

Облустук акимчиликтин уюштуруу иштери боюнча бөлүм башчысы Эрмек Бахавадинов облустук бийлик мыйзамдан сырт иш жасаган болсо, аны сот калыбына келтирди - бул демократия дейт.

Жергиликтүү серепчи Эсен Урманов мамлекеттик башкаруу жөнүндөгү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл, анткени жогорку саясий бийликти ээлеп тургандар алмашканы менен административдик кызматтагылар ордунда калышы керек дейт. Анын жүйөөсүндө, андай болбосо улам революция, улам шайлоо сайын аткаруучу кызматтагы күчтүү кадрлар да четтей берип, мамлекетте өнүгүү болбой жатат, жетекчи ким болсо да мамлекеттик кызматтагылардын укукуктарын коргоого мыйзамдык кепилдик болууга тийиш.

Аталган областтан жаздан бери кадр саясатында жүрүп жаткан баш-аламан көрүнүштөр качан тыйыларын айтуу кыйын. Анткени парламенттик шайлоодон кийин дагы мамлекеттик кызматтагылар кайра электен өтөрү турган иш.

Жаңы бийлик келгенден бери ушу күнгө чейин Баткенде шаар мэрин алмаштыруу каршылык акциялар менен коштолуп, тынчыбай атты. Кызыл-Кыяда шаар башчысына президент Р. Отунбаева дайындаган кадр каршылыкка тушугуп, бир күн да кызмат ордунда отуруп иштей албай, акыры башка адам дайындалган болчу.

XS
SM
MD
LG