Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Мусулман өлкөлөрү Пакистанга жардам беришет


Ислам конференциясы уюму билдиргенине караганда, мусулман мамлекеттер, уюмдар жана жеке адамдар Пакистанга дээрлик 1 миллиард доллар акчалай жардам берүүгө даяр. 57 өлкөнү камтыган уюмдун жетекчиси Экмеледдин Ихсаноглу жардам берүү сунуштары Сауд Арабия, Түркия, Бириккен Араб Эмираттары жана Катардан, бир нече бейөкмөт бирикмелерден келгенин айтты. Бул аралыкта Пакистандын премьер-министри Юсуф Реза Гилани кээ бир жардам Пакистан өкмөтүнө эмес чет өлкөлүк бейөкмөт уюмдарга жиберилип жатканын сындады. Анын айтымында, каражаттын көбү максатсыз жумшалышы мүмкүн. Өткөн айда нөшөрлөгөн жаандан келип чыккан суу каптоодон Пакистанда 17 миллионго жакын киши жабыркады.

XS
SM
MD
LG