Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:35

Суданда орусиялык учкучтар уурдалып кетти


Айрым кабарларга караганда, Судандын Дарфур аймагында орусиялык 2 учкуч уурдалып кетти. Жергиликтүү СУНА агенттиги учкучтар Судандын “Бадр Аба жолдору” компаниясында иштешчү деп маалымдады. Аларды кечээ белгисиз бирөөлөр Нияла деген шаарчада уурдап кетишкен. Орус жарандарын издөөгө Судан армиясынын аскерлери тартылганы кабарланууда. Дарфурда бир нече жылдан бери ички жаңжал тынчыбай келатат. 2009-жылы Эл аралык Кылмыш соту Судан президенти Омар Хасан ал-Баширди кармоо боюнча эл аралык мандат чыгарган. Ага согуш кылмыштары жана Дарфур урушунда адамзатка каршы кылмыш жасаган деген айып тагылууда. Ройтерс агенттигинин маалыматына ылайык, Эл аралык соттун чечиминен кийин өлкөдө адам уурдоо учурлары көбөйдү.

XS
SM
MD
LG