Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы быйыл 10-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого 25 чакты партия катышуу үчүн каттоодон өткөнүн жарыялады. Бул тууралуу “Азаттыкка” комиссиянын мүчөсү Жеңиш Акматов тизмелерди тапшыруу мөөнөтү бүгүн 18:00 аяктагандан кийин билдирди. Парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын толук тизмеси эртең жарыяланаары айтылууда. Парламентке шайлоо өнөктүгү 10-сентябрда башталат.
Кыргызстандын жаңы Конституциясына ылайык, шайлоодо жеңген партия өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Буга чейинки парламент 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин таркатылган.
Кыргызстандын жаңы Конституциясына ылайык, шайлоодо жеңген партия өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Буга чейинки парламент 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин таркатылган.