Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:47

Баткен: Сох аркылуу каттоо үч күнгө толук жабылды


Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргону бөлүмүнөн бүгүн «Азаттыкка» билдиришти.
Маалыматка караганда, Кыргызстанда жана Өзбекстанда эгемендик майрамы белигленишине жана 2-сентябрь күнү Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун Фергана облусуна иш сапары менен келээрине байланыштуу Өзбекстандын Сох анклавы аркылуу каттам толук жабылды. Бул аралыкта баткендиктер Пүлгөн - Бүргөндү - Баткен айланма жолу менен каттоого аргасыз.

Оштогу июнь айындагы коогалаңдан тарта Өзбекстан Сох анклавы аркылуу каттоого кыргыз жарандарына таңкы саат бештен кечки саат онго чейин гана уруксат берген.

Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунун жана Сүлүктү шаарынын калкы өлкөнүн башка аймактарына чыгуу үчүн, тескерисинче Кызыл-Кыя шаары менен Кадамжай районунун тургундары облус борборуна баруу үчүн Өзбекстандын Сох анклавын аралап өтүүгө аргасыз. Анклавка кирбей өтүүчү айланма жолдордун абалы начар болгондуктан андан каттоо элге бир топ ыңгайсыз.(JsA)

XS
SM
MD
LG