Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Ош: Санаркоо коштогон салтанат


Башкы салтанат Ош шаарынын борбордук аянтында өттү
Башкы салтанат Ош шаарынын борбордук аянтында өттү

Июндагы коогалаңдын залалдарынан толук айыга элек Ош шаарында эгемендик майрамында элдердин достугун, ынтымагын чыңдоо жана шайлоолорду тынч, таза өткөрүү жөнүндө чакырык-ураандар жаңырды.

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын он тогуз жылдыгы өлкөнүн түштүк башкалаасында мамлекеттик ишмерлер Абдыкадыр Орозбековдун, Исхак Раззаковдун эстеликтерине гүлчамбар коюп, ушул жылдын апрелиндеги ыңкылапта окко учкандарды эскерүү менен башталды.

Салтанатка Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов катышкан жок. Айрым маалыматтарга караганда, ал чет өлкөлөрдүн биринде, кээ бир булактардын шилтемесине ылайык Кытайда эс алып жаткандыгы айтылууда.

Иш-чарага катышкан вице-премьер-министр Өкмөткан Абдуллаева, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Таалай Сабиров быйылкы жылы Кыргызстандын эгемендүүлүгү чоң сыноолорго тушуккандыгын, ошентсе да кыйынчылыктардын бардыгы артта калгандыгын айтышып, андыктан мекендештерин ынтымакчылыкка жана келечеги кең мамлекетти түптөөгө чакырышты.

Ош облусунун тургуну Гүлзат Газиева июндагы коогалаң жердештеринин эгемендүүлүктүн чен-өлчөмүн дагы бир ирет даана сезгенге жол ачты деп эсептейт.

Ош шаарындагы өзбек лидерлеринин бири, коомдук ишмер Худайберди Азимов алдыдагы парламенттик шайлоонун тынч жана калыс өтүшүн тилеп жатышкандыгын ачыктады.

Орусиянын Оштогу башкы консулу Сергей Барсуковдун айтымында, өлкөнүн башкы байлыгы пайдалуу кендерде, бейиш жеринде же тез бийлик тез алмашуусунда эмес, аны байырлаган калктардын жакшы жашаганында.

"Ошондуктан, ушундай күндө бул аймактагы элге тынччылык, өз ара түшүнүүчүлүк, чыдамкайлык жана дагы бир ирет жыргал турмуш кааламакчымын",- деди консул мырза.

Салтанаттын айрым күбөлөрүн кепке тарканыбызда, алар коопсуздугунан кам санап, бүгүнкү иш-чарага көпчүлүк жердештери катышпай калгандыгын белгилешти. Ошол эле учурда жогорку бийлик дооматтарды четке кагып, коогалаңдуу аймак мамлекеттин толук көзөмөлүндө экендигин ачыктады.

"Эч кандай күч биздин көп улуттуу элибизди бөлүп-жарганга кудурети жетпейт. Шаардыктардын жана коноктордун коопсуздугу бардык тарабынан такай көзөмөлдө турат. Мууну үчүн күч органдары күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат. Айрым арам ойлууларга эскертип коеюн, алардын тилеги таш кабат. Булардын өткөндөгүдөй каалаганы, албетте, жүзөгө ашпайт", - деди президенттин кеңешчиси Виктор Черноморец.

XS
SM
MD
LG