Орусиялык оппозициячыл жана укук коргоочу активисттер Москва, Санкт Петербург жана башка бир катар шаарларда уруксатсыз каршылык акцияларын уюштурушкан. Кабарларга караганда, Москвада алардын алтымыштайы камакка алынды. Европарламенттин төрт өкүлү Москванын борборундагы оппозициянын митингине катышып, милициянын уюштуруучуларды кармагандыгын сынга алды. Евробиримдиктин адам укуктары боюнча кичи комитетинин жетекчиси Гейди Гаутала Орусиянын мурдагы вице-премьер-министри Б.Немцовдун кармалышын “зомбулук” катары баалады. Дагы бир таанымал оппозициячыл лидер Э. Лимонов да камакка алынды.