Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

Коомдук теленин жетекчиси кызматына ачык конкурс жарыяланды


Коомдук телерадиокорпорациясынын башкы директору кызматына ачык конкурс жарыяланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Коомдук теленин байкоочу кеңешинин мүчөсү Жыргалбек Касаболотов билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызматка талапкер болгусу келгендердин менежмент, журналистика, экономика сыяктуу тармактарда жогорку билими болушу керек. Ошондой эле башкы директор болгусу келгендер сөзсүз түрдө кыргыз жана орус тилдерин билиши керек. Англисче жана дагы башка тилдерде сүйлөгөндөргө артыкчылык берилет.

Андан тышкары талапкерге төмөнкүдөй талаптар коюлмакчы: Башкы директор болгусу келгендердин ММК жана маалыматтык карым-катнаш тармагында тажрыйбасы болушу, теле жана радио бизнесинин өзгөчөлүгүн билиши, компанияны башкаруу куралдары болгон “өндүрүш, маркетинг, финансы, техникалык камсыздоо, сатуу” өнөрлөрүнө ээ болушу шарт. Ошондой эле талапкерлер Коомдук теленин принциптерин түшүнүшү, башкаруу системасында беш жылдан аз эмес тажрыйбасы болушу, ММКга тиешелүү мыйзамдарды билиши, башкаруу түрлөрүн жакшы өздөштүргөн болушу, ийкемдүүлүк жана лидерлик сапаттарга ээ болушу керек.

Ачык конкурс эки баскычта жүрөт. Биринчи баскычта талапкерлер тапшырган документтеринин негизинде тандалса, экинчи баскычта Коомдук телекорпорациясын реформалоо жаатындагы ойлорун билиш үчүн бетме-бет сүйлөшүүлөр уюштурулат.

Айта кетсек, 7-апрелден кийин Коомдук теленин башкы директорлугуна “Азаттык-Медианын” мурдагы директору Кубат Оторбаев дайындалып, азыркыга чейин иштеп келатат. УТРК коомдук болгондон кийин, анын жетекчилигин дайындоо мүмкүнчүлүгү байкоочу кеңешке берилген. (IJz)

XS
SM
MD
LG