Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:09

Премьер жана вице-премьер-министрлердин милдеттери так бөлүндү


Президент Роза Отунбаева кол койгон буйрукка ылайык, премьер-министр менен вице-премьер-министрлердин милдеттери жана көзөмөл кылчу тармактары так бөлүштүрүлдү.

Ага ылайык премьер-министр (Р.Отунбаева) өкмөттүн жалпы ишине, бардык өкмөттүк түзүмдөргө көзөмөл жүргүзөт. Ошондой эле ал Коргоо министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Адилет министрлиги жана жергиликтүү администрациялардын иштерин жеке өзү көзөмөлдөйт.

Биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев болсо Каржы министрлиги, Экономикалык тескөө министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги, Энергетика министрлиги, Жаратылыш ресурстары министрлиги жана Мамлекеттик мүлк министрлигинин иштерин координациялайт. Ошондой эле ал Монополияга каршы мамлекеттик агенттигин, Байланыш агенттигин, Салык жана Бажы кызматтарын, Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматын көзөмөлдөйт.

Вице-премьер-министр Александр Костюк болсо Айыл-чарба министрлигин, Суу чарбасы жана мелиорация комитетин, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигин, Мамлекеттик каттоо кызматын, Мамлекеттик материалдык резервдер корун жана агро өнөр-жай тармагына тиешелүү мамлекеттик мекемелерди координацияламакчы.

Вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева координациялай турган тармакка Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги, Маданият жана маалымат министрлиги жана Жаштар иштери боюнча министрлик кирет. Ө.Абдуллаева ошондой эле Социалдык камсыздоо агенттигин, Дене-тарбия жана спорт агенттигин, Кинематография агенттигин, Милдеттүү медициналык камсыздоо корун көзөмөлдөйт.

Дагы бир вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев көзөмөл кылчу тармактарга Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги жана Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы кирет.

Вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров болсо Ички иштер министрлигин жана Жаза өтөө мамлекеттик кызматын координацияламакчы. Ал эми Башкы прокуратура жана сот органдарын президент өзү түз көзөмөлдөйт. Убактылуу өкмөттө буга чейин прокуратура жана сот органдарын да А.Бекназаров көзөмөлдөп келген. (IJz)

XS
SM
MD
LG