Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Орто мектептерде көбүнчө улгайган мугалимдер иштөөдө


Кыргызстанда орто мектептерде иштеп аткан мугалимдердин 60 пайызын пенсия курагына барып калгандар же пенсия курагындагылар түзүп калды. Бул тууралуу “Азаттыкктын” суроолоруна жооп берип жатып Билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

Анын айтымында, мугалимдердин мектептерге барбай атканынын эки себеби бар. Биринчиси, жаш мугалимдер айлык-акынын аздыгынан улам мектептерге барбай атышат. Экинчиси, ички миграция маселеси. Кыйла мугалимдер шаарларга кетип калышты. Дал ушул себептерден улам орто мектептер үчүн 5-6 жылдан бери 3500-4000 мугалим жетишпейт. Ал эми ушул тапта 3333 мугалим жетишпейт.

Ошондой эле министрдин айтымында, бир катар үй-бүлөлөрдө экономикалык шарттарынын начарлыгынан улам мектептерге барбай калган балдардын маселеси да караштырылууда. Буга чейинки жылдарда мектепке барбай калган окуучулардын саны 7-8 миңдин тегерегинде болчу. Министр баса белгилегендей, бул сан эч качан он миңден ашкан эмес. (IJz)

XS
SM
MD
LG