Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Чек арачыларды бошотуу боюнча сүйлөшүү жыйынтыгын бере элек


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук акимчилигинин коопсуздук жана коргонуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Таштемир Эшалиев бүгүн билдирди. “Биз кыргызстандык чек арачылар менен байланыша албадык. Кечээ түз сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз деген үмүтүбүз болгон, бирок бул ишке ашкан жок”, - деди Т.Эшалиев. Маалыматка ылайык, алар учурда Өзбекстандын Фергана облусунда кармалууда. Сүйлөшүүгө бүгүн да аракет жасалат.

Окуя 31-августта Кадамжай районунун Пүлгөн шаарчасынын Өзбекстан менен чектешкен жеринде, эки өлкөнүн бейтарап аймагында болгон. Маалыматка ылайык, өзбекстандык чек арачылар Кыргызстандын чек ара кызматынын жана Айдаркен чек ара бөлүгүнүн эки өкүлүн өз аймагына күч менен алып кетишкен. Эки өлкөнүн чек арачылары ал жерге Өзбекстандын Кыргызстан аймагындагы Сох анклавы аркылуу өткөн транзиттик жолдун жабылышынан улам келип чыккан маселелерди сүйлөшүү үчүн барган эле. Мындай сүйлөшүү жүргүзүүнү тараптар алдын-ала макулдашкан экен.

Облустук бийлик өкүлү Таштемир Эшалиевдин айтымында, өзбек тарап кыргызстандыктарга чек араны бузуп кирип, Өзбекстандын аймагында жүргөн деген доомат коюшууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG