Лахор шаарынын үч көчөсүндө 35 миңдей киши шейиттердин сыйлуу ыйык инсаны халиф Алини эскерген жүрүш болгон жерде үч бомба жарылган. Жардыруудан кийин жаалданган эл полиция бекетине өрт коюп, бир нече унааны өрттөп жиберишкендигин жергиликтүү полиция өкүлү тастыктады. Андан соң полиция көздөн жаш агызган газды пайдаланып, асманга ок атууга мажбур болгон. Пакистандын премьер-министри Юсуф Гилани жардырууну айыптап, кол салгандар жоопко тартылаарын айтты.