Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Б.Обама израил, палестин лидерлерин тынчтыкка кадам коюуга үндөдү


Шейшембиде Вашингтондо Израилдин премьер министри Бенжамин Нетаняху жана Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен өз-өзүнчө сүйлөшкөндөн кийин Б.Обама эки лидерди өз элине бейкуттук алып келүүдө ортодогу пикир келишпестиктерди четке кагууда «эрктүүлүк менен көсөмдүккө» чакырды.

“Оор милдет жаңы гана башталууда. Кандай болот азыр айтуу кыйын. Бирок биз билгендей, алакан жайып отура берсе – иш оңунан чыкпасы ачык. Эгерде эки тарап тең сүйлөшүүлөргө ынанбаса, анда узак жаңжал уланып кийинки муунга өтөт. Биз буга жол бере албайбыз"
деди президент Обама.

Президент Обама макулдашуулар бардык көйгөйлөрдү чечет жана Израилге жанаша көз карандысыз Палестин мамлекетин курууга жол көрсөтөт деп ынандырды.

Вашингтон убактысы боюнча кечээ кечте израил жана палестин лидерлери бир жарым жылдык тыныгуудан кийин бетме-бет сүйлөшүүлөргө отурары маалымдалган.

XS
SM
MD
LG