Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Ош шаарында 4 миң бала 1-класска барды


Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын билдиришинче, быйыл шаардагы 57 мектептин элүү алтысында окуу башталды. Июнь окуялары учурунда күйүп кеткен мектептин окуучулары башка мектептерге которулду. Жаңы окуу жылынын башталышы менен мектептерде “Ар бир үйгө тынчтык” аттуу сабак өткөрүлдү. Мектеп жашындагы балдардын коопсуздугун сактоо үчүн атайын 40 автобус уюштурулган. Мектеп ичиндеги тартипке көз салчу күзөтчүлөрдүн тобу дайындалды. Буларды атайын даярдыктан өткөн жогорку окуу жайдын 320 студенттери түзөт. Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү Лев Толстой атындагы мектепте окуган 700 окуучу чатырларда башташты. Ош облусу боюнча 529 мектеп бар. Аларда 228 миң окуучу билим алат. (AzK)

XS
SM
MD
LG