Бул туурасында “Азаттыкка” Айдаркен чек ара бөлүгүнүн зардалы Нурлан Керимканов билдирди. Анын айтымында, чек ара бөлүктөрүнүн деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр жыйынтык берген жок. Бүгүн саат экиде Баткен шаарында Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчиси Закир Тиленовдун башчылыгы астында оперативдүү жыйын өтөт.
Нурлан Керимканов Кыргызстандын чек арачыларынын кармалышы боюнча Өзбекстандын чек ара кызматы тараткан маалыматты четке какты. Ал Өзбекстан тарабынан буга чейин чек ара өкүлчүлүктөрүнүн жолугушуусу алдын ала мерчемделип сүйлөшүлгөнүнө карабастан, Кыргызстандын чек ара кызматы тарабынан аталган жолугушууга жөнөтүлгөн офицерлери негизсиз кармалып, Фергана шаарына алынып кеткендигин белгиледи.
Өзбекстандын чек ара кызматы 31-август күнү Кыргызстандын чек ара кызматынын офицерлери полковник З. Бегматов жана подполковник А. Анарбаев Өзбекстандын аймагында мас абалында кармалганын билдирген эле. (AzK)