Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:22

Сербия өкмөтү кылмышкерлердин мүлкүн тартып алууда

Сербиянын юстиция министри былтыртан бери уюмдашкан кылмыш топторунун башчыларынын 256 млн. долларлык мүлкү тартып алынганын билдирди. Снежана Малович айымдын сөзүнчө, кылмыш топторунун башчыларынын там-жайлары, жерлери, ишканалары жана кымбат баалуу унаалары конфискацияланган. Анын баары сатыкка коюлат, же ижарага же коомдук фондуларга берилет.

Сербия парламенти былтыр мүлк-дөөлөттөр мыйзамсыз жолдор менен табылганы далилденсе, аларды конфискациялоо жөнүндө мыйзам кабыл алган болчу.

XS
SM
MD
LG