Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:33

Ч.Турусбеков: Чек арачыларды атайын кармап кетти дегенден алыспыз


Мындай пикирин Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, учурда кыргызстандык чек ара кызматкерлерин кайтарып алуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

“Кыргызстан 31-август, Өзбекстан 1-сентябрь эгемендик майрамдарына карата эки тарап тең чек ара кызматтарын күчөтүп, катуу тартипте иштеп жаткан. Ошого байланыштуу да кээ бир күч структураларынан атайын тапшырмалар болушу мүмкүн. Чек арачыларды атайын кармап кетти дегенден алыспыз. Бизде алардын кайда экендиги жана алардын абалы тууралуу маалыматыбыз бар”, - деди Ч.Турусбеков.

Өзбек чек арачылары 31-августтун кечинде Кыргызстандын чек ара кызматынын жогорку чиндеги эки офицерин эки өлкө чегиндеги бейтарап аймакка сүйлөшүүгө чакырып, өз аймагына күчтөп алып кирип кеткен. Ага удаа 1-сентябрь күнү Жалал-Абад аймагында Ала-Бука чек ара отрядында кызматын аткарып жүргөн жерден дагы эки кыргызстандык чек арачыны Өзбекстан чек арачылары кармап кеткен. Айрым маалымат булактар Кыргызстандын чек арачылары Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз өтүп келип, мас абалында чатак чыгарган деген маалыматтарды жазышты. Ч.Турусбеков бул маалыматтар чындыкка коошпойт деп билдирди.

Айрым байкоочулар бул мындан эки жума мурда мыйзамсыз аракеттери үчүн Кыргызстанда кармалган Өзбекстандын Улуттук кызматынын бир өкүлү жана үч бажы кызматкерин бошотуп алуу максатында жасалышы ыктымалдыгын белгилешүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG