Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Укук коргоочу А.Аскаровдун соту 6-сентябрда улантылат


Өзбек тектүү укук коргоочу Азимжан Аскаровдун соту 6-сентябрда улантыларын “Азаттыкка” анын адвокаты Нурбек Токтакунов тастыктады. А.Аскаров 15-июнда Базар-Коргондогу тополоң учурунда кармалган. Буга чейин эл аралык Human Rights Watch уюму кыргыз өкмөтү А.Аскаровдун үстүнөн болгон сот жараянынын адилет жана коомчулукка ачык болушун камсыздашы керек деген билдирүүсүн тараткан.

А.Аскаров "массалык башаламандыкты уюштуруп", “улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козгогон” деп айыпталып, июнда курман болгон милиция кызматкеринин өлүмүнө да тиешеси бар экени айтылган. Буга байланыштуу сот 2-сентябрда болду.

Ага карата милиция кызматкерлери тарабынан кыйноолор болуп жатканы белгиленип, Базар-Коргон райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайынан облустук бөлүмгө которулган. Милиция кызматкерлери жана акыйкатчы Турсунбек Акун А.Аскаровго карата кыйноолор болбогонун белгилеп келишет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG