Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Тоолуу Карабактын чек арасындагы кагылыштан бир азери аскери мерт болду


Бул тууралуу Азербайжандан ажырап кеткен Тоолуу Карабактын бийликтери билдирди. Алардын түшүндүрмөсүнө караганда, аскерлер чек арада азери бөлүгүнүн кол салуусунун мизин кайтарган. Кагылышуу учурунда армян тараптан жоготуу болгон эмес. Кагылышуу орун алган-албаганын азери тарап азырынча ырастай элек. Адатта тараптар чек арадагы атышуу болуп кеткен учурлар боюнча карама-каршы маалыматтарды беришет. 1-сентябрда азери тарап чек арадагы атышууда алар эки, армяндар үч аскерин жоготконун айтса, Армения колдогон Тоолуу Карабак бул маалыматты төгүндөгөн. Ушул аптада Тоолуу Карабак Азербайжандан иш жүзүндө ажырап кеткендигинин 18 жылдыгын белгиледи. Анда анклавга Азербайжан эч убакта көзөмөл орното албай турганы айтылды. Келерки аптада БУУнун Башкы ассамблеясында Карабак маселеси боюнча жаңы резолюциянын долбоору талкууланары күтүлүүдө. Тоолуу Карабактын жетекчилиги ал жерден куулган азерилердин укугу таанылган резолюция долбоорун Бакунун тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратуу аракети катары четке какты.

XS
SM
MD
LG