Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Баткенде көркөм сүрөт мектебинин имарат маселеси чечилбей жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткендеги Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт жатак мектебинин жетекчиси Ибрагим Калбердиев билдирди. Анын айтымында, балдардын көркөм мектеби 4 жылдан бери ар жерде көчүп жүрүп окуучуларга өнөр үйрөтүп келет. Быйылкы жылы мектеп үчүн имарат бөлүнүп берилери айтылган. Бирок жергиликтүү бийлик имарат маселесин чечип бербегендиктен балдар окуусун баштай албай турат. Облус аймагынан келген 50 бала ушу тапта башка айылда турушат. Облустук бийлик бул маселени окуу жылы башталганга чейин чечип беребиз дегени менен азырынча иш жыла элек.

Көркөм сүрөт мектеби Баткен районунун аймагында мындан 4 жыл мурда скульптор Тургунбай Садыковдун демилгеси менен ачылып, жогорку класстан 50 баланы окутары болжолдонгон. Бирок ушу күнгө чейин имарат маселеси чечилбей район аймагындагы 3 айылга көчүп иштеп келүүдө. 15 бала аталган мектепти аяктап, учуда билимин Улуттук көркөм сүрөт академиясынан улантууда. (JsA)

XS
SM
MD
LG