Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Шайлоодо бармакка белги салуу ыкмасы колдонулат


Борбордук шайлоо комиссиясынан «Азаттыкка» билдиришкендей, парламенттик шайлоодо бармакка белги коюу колдонулат. Шайлоочунун бармагына сүртүлө турган сыя түссүз болуп, ал үчүн каражаттар ар бир шайлоо учаскасына эки даанадан берилет. БШК мүчөсү Абдымомун Мамараимовдун берген маалыматы боюнча, буга чейин сыяны төгүп салып, ордуна суу куюп койгон көрүнүштөр болгон. Муну алдын алуу үчүн бул жолу шайлоочунун колуна сыя себе турган аппараттын оозу пломбулоо ыкмасы менен бекитилмекчи.

Белги салуу ыкмасы шайлоодо бир адамдын эки жолу добуш беришине бөгөт болуу үчүн колдонулуп келет. 2010-жылдын 23-июнундагы президенттик шайлоодо бул ыкма алынып салынып, быйылкы референдумда кайра колдонула баштаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG