Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:24

Өзбекстан кармап кеткен чек арачылар жакын арада бошотулушу мүмкүн


УКМКга караштуу чек ара аскерлеринин кол башчысынын биринчи орун басары Чолпонбек Турусбековдун "Азаттыкка" билдиришинче, Өзбекстанда кармалып жаткан кыргызстандык төрт чек арачыны бир-эки күн аралыгында бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Чек арачылардын бошотулушу буга чейин мыйзамсыз аракеттери үчүн Кыргызстанда кармалган Өзбекстандын үч бажы, бир коопсуздук кызматынын өкүлү менен алмашуу жолу аркылуу ишке ашышы мүмкүн.

Бүгүн чек арачыларды бошотуу боюнча Чек ара аскерлеринин кол башчысы Закир Тиленов баштаган топ Өзбекстандын чек ара кызматы менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ошол эле учурда Закир Тиленов аларды эч кандай алмаштыруу болбостугун "Азаттыкка" айткан эле.

Өзбек чек арачылары 31-августта Кыргызстандын чек ара кызматынын жогорку чиндеги эки офицерин эки өлкө чегиндеги бейтарап аймакка сүйлөшүүгө чакырып, өз аймагына күчтөп алып кирип кеткен. Ага удаа 1-сентябрь күнү Жалал-Абад аймагындагы Ала-Бука чек ара бөлүгүндө кызматын аткарып жүргөн жерден дагы эки кыргызстандык чек арачыны Өзбекстан чек арачылары кармап кеткен эле.(KKs)

XS
SM
MD
LG