Испаниянын курамындагы Баска автономиясынын өкмөтү ЕТА жикчилеринин ок атышууларды токтотуу жөнүндөгү билдирүүсүн “эч нерсеге арзыбаган билдирүү” деп атады. Автономиянын ички иштер министри Родольфо Арестин сөзүнчө, жикчилер тобунун билдирүүсүндө зобун-зордуктарды айыптаган же группанын таркатылуусу жөнүндө эч нерсе айтылган эмес.
ЕТА “Баска элинин басымдуу бөлүгү талап кылгандай террордук аракеттерди биротоло токтотобуз деп убада бериши шарт”,-деп кошумчалады Рудольфо Арес. Испания өкмөтү азырынча эч кандай билдирүү жасай элек.