Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:27

Молдовада референдумга эл жетишсиз келди


Молдовада кечээ өлкө президентти түз шайлоо боюнча референдум өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча, добуш берүүгө шайлоочулардын 29,7 пайызы катышкан. Азырынча чет өлкөлөрдө иштеген молдовандардын добушу эсептеле элек. Аларды кошкондо да добуш берүүнүн жыйынтыгы олуттуу өзгөрбөй турганы айтылууда. Конституцияга өзгөртүү киргизүү үчүн референдумга шайлоочулардын 33 пайызы катышууга тийиш. “Шайлоо бекеттеринен алынган маалыматка караганда, добуш берүүгө референдум өттү деп айткандай эл катышпаган сыяктуу”,- деп билдирген эле "Франс пресс" агенттигине премьер-министр Влад Филаттын. Либералдар башындагы коалициялык өкмөт өлкөдөгү саясый кризистен чыгуу үчүн реферундум өткөргөн. Себеби бир жылдан ашык убакыттан бери Молдова парламенти президентти шайлай албай жатат.

XS
SM
MD
LG