Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

Израил-Палестин лидерлеринин сүйлөшүүсү Шарм эл-Шейхте уланат


Израил-Палестина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы 14-15-сентябрда Кызыл деңиз боюндагы Шарм эл-Шейх курортунда өтөт. Египеттин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хусам Закинин билдиришинче, Палестина автономиясынын лидери Махмуд Аббас жана Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху арасындагы бул сүйлөшүүгө АКШ Мамткатчысы Хиллари Клинтон да катышат. Мамдепартаменттин кабарлашынча, Шарм эл-Шейхке Клинтон айым менен бирге АКШнын Жакынкы Чыгыш борюнча чабарманы Жорж Митчелл да барат. Хиллари Клинтон Египеттеги сүйлөшүүдөн соң 15-сентябрда Иерусалимге барып, Махмуд Аббас жана Бенямин Нетаняху менен үч жактуу сүйлөшүү өткөрөт.

XS
SM
MD
LG