Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:34

Шайлоо коопсуздугун талкуулаган форум өтөт


7-сентябрда Бишкекте алдыдагы парламенттик шайлоонун коопсуздугун талкуулаган форум өтөт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, ага президент Роза Отунбаева, мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, шайлоого катышып аткан саясий партиялардын лидерлери, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү жана жарандык коом өкүлдөрү катышмакчы.

“Мыйзамдардын сакталышы – шайлоо коопсуздугунун кепилдиги” деп аталган форумда баардык кызыкдар тараптар алдыдагы шайлоонун ачык жана таза өтүшү, коопсуздукту камсыз кылуу боюнча аракеттер тууралуу ой бөлүшүп, бирдиктүү чечимдер иштелип чыкмакчы.

Папраменттик шайлоо 10-октябрга белгиленген. Ага карата шайлоого катыша турган партиялар үгүт иштерин 10-сентябрда башташмакчы. (IJz)

XS
SM
MD
LG