Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:24

Өзбекстанда кармалып турган төрт чек арачынын үчөө бошотулду


Бул маалыматты Баткен облустук администрациясынан жана Кадамжай райондук акимчилигинен “Азаттыктын” аймактын кабарчысына тастыкташты. Алар буга чейин мыйзамсыз аракеттери үчүн Кыргызстанда кармалган Өзбекстандын үч бажы, бир коопсуздук кызматынын өкүлүнө алмаштырылды. Бирок Өзбекстан тарапта подполковник чининдеги Исматилла Анарбаев дагы эле кармалып турат. Анын себебин өзбек тарап дайыны чыкпай жаткан бир чек арачысы Кыргызстанда болушу мүмкүндүгү тууралуу маалыматтар менен байланыштырып, ошол маалымат такталган соң гана кыргыз подполковниги кайтарылаарын айткан.

Өзбек чек арачылары 31-августта Кыргызстандын чек ара кызматынын жогорку чиндеги эки офицерин эки өлкө чегиндеги бейтарап аймакка сүйлөшүүгө чакырып, өз аймагына күчтөп алып кирип кеткен. Ага удаа 1-сентябрь күнү Жалал-Абад аймагындагы Ала-Бука чек ара бөлүгүндө кызматын аткарып жүргөн жерден дагы эки кыргызстандык чек арачыны Өзбекстан чек арачылары кармап кеткен эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG