Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:28

Чолпон-Ата шаарында “Эл аралык Ысык-Көл оюндары” өтүп жатат


5-сентябрдын кечинде расмий ачылган “10-Эл аралык Ысык-Көл оюндарында” спорттун 15 түрү боюнча Кыргызстандын облустарынан, Орусия жана Казакстандан келген 1500 спортчу ат салышып жатат. Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай өңдүү коңшу өлкөлөрдүн командалары Кыргызстандагы саясий кырдаалга байланыштуу оюндарга катышуудан баш тартышкан. Бул туурасында Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Эл аралык Ысык-Көл оюндары” 2001-жылдан бери уюштурулуп келет. Бул жылкы мелдештер 12-сентябрга чейин созулат. (KKs)

XS
SM
MD
LG