Ооганстандын Борбордук банкы банкроттук коркунучуна учураган Кабул банкын куткаруу үчүн каражат бөлүүгө даяр. Ошол эле маалда Борбордук банктын басма сөз өкүлү Ооган өкмөтү Кабул банкына 200 миллион доллар насыя бөлдү деген маалыматтарды четке какты. Бир нече күндөн бери ири менчик банктардын бири болгон Кабул банкынын кардарлары банкорттук жөнүндөгү имиштерден улам акчаларын алып кете башташкан. Кээ бир маалыматтарга караганда, банк тобокелдүү инвестициялык долбоорлорго көп каражат бөлгөн.