Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:45

Талапкерлери каттоодон өткөн партиялардын саны тогузга жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Эрик Ирискулбековдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, БШКнын бүгүнкү отурумунда "Замандаш" жана "Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын" саясий партиясы каттоодон өттү. Натыйжада талапкерлери каттоодон өткөн партиялардын жалпы саны тогузга жетти.

Бүгүн БШКда беш саясий партиянын талапкерлерин каттоо пландалган болчу. Бирок эки партиянын гана талапкерлеринин тизмесин тактап, иликтөөгө мүмкүн болгон. Эми калган 20 партиянын талапкерлеринин тизмеси 10-сентябрга чейин каралат. (KKs)

XS
SM
MD
LG