Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Блэрдин китеби нааразылык жаратууда


Британиянын мурдагы өкмөт башчысы Тони Блэр жаңы китебинин бет ачаарына арналган Лондондогу иш-чарадан баш тартышы ыктымал. Блэр “Саякат” деп аталган эскерүүлөрүндө премьер-министр болуп турган кезинде жүргүзгөн саясатын коргоп, 2003-жылы Иракка кирүү чечимин колдогонун жактайт. Жекшембиде ал Дублинде китебинин бет ачаарына барып, нааразылыкка туш болгон. Чогулган адамдардын айрымдары ага жумуртка, бут кийимдерин ыргытышкан. Кээ бирлер болсо Блэрдин китебин кылмыштар жөнүндөгү чыгармалар бөлүмдөрүндө сатууну сунуш кылышууда.

XS
SM
MD
LG