Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Декабрь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:21

Путин президенттик шайлоого катышар-катышпасын 2011-жылы айтат


Россия премьер-министри Владимир Путин 2012-жылкы президенттик шайлоого катышар-катышпасын азырынча билбейт. Ал дүйшөмбү күнү Сочи шаарында сүйлөп: "Мен жана президент Медведев 2012-жылкы президенттик шайлоого катышабызбы же жокпу, аны 2011-жылы айтарыбызды буга дейре көп ирет айтканбыз.  Биз өлкөдөгү кырдаалга, эмне иштерди аткарганыбызга жана коомдук маанайга  жараша чечим кабыл алабыз. Азыр ал жөнүндө айтуу эрте", -деди.

 

Путин 2008-жылга чейин эки мөөнөт төрт жылдан президенттик кылган. Ал ортодогу тыныгуудан кийин үчүнчү мөөнөткө шайланууга акылуу. Жаңы мыйзам боюнча  Россияда президент алты жылга шайланат.

 

XS
SM
MD
LG