Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:14

БШКда партиялардын талапкерлерин каттоо уланууда


Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, комиссиянын бүгүнкү саат үчтөгү отурумунда онго жакын партиянын талапкерлеринин тизмеси каралып чыгат. Бирок алардын канчасы толук каралып бүтөөрү азырынча белгисиз. Ж. Акматов партиялардын тизмесине байланыштуу жаңы маалыматтарды тактап, текшерүү үчүн убакыт талап кылынганын, талапкерлердин соттолуп-соттолбогону туурасындагы маалыматтар толук келбей жаткандыгын белгиледи. Мындан сырткары алгачкылардын болуп шайлоого байкоо жүргүзүү ниетин кечээ ЕККУнун узак мөөнөттөгү байкоочулары билдиришкенин кошумчалады. (KKs)

XS
SM
MD
LG