Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:54

Ноокенде июндагы калаба боюнча айыпталгандардын соту уланууда


"Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Ырысбай Абдыраимов билдиргендей, Ноокен райондук сотунда Базар-Коргон районунун аймагында 13-июнда болгон кандуу окуя боюнча адам өлтүрүүгө жана баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар деп айыпталган укук коргоочу Азимжан Аскаров баштаган сегиз адамдын соту бүгүн да уланууда.

Соттун кечээки отурумунда июнь коогалаңында киши колдуу каза болгон милициянын майору Мыктыбек Сулаймановдун жакындары, күбөлөр жана айыпталуучулар көрсөтмө беришкен. Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун адвокаты Аскаровдун көзүндө көгала болгондугун айтып, айыпталуучуну медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча соттон өтүнгөн. Бирок Аскаров медициналык текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан эле.

XS
SM
MD
LG