Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:53

Бишкекте бош орундардын жарманкеси өтүп жатат


Жылына бир жолу өтүүчү жарманкени биринчи премьер-министр Амангелди Муралиев ачып, өкмөт жаңы жумуш орундарын түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурарын айтты. Ошондой эле ал жумушсуздукту кыскартуу багытында буга чейин алгылыктуу иштер жүрбөгөнүн, ошол себептүү бул чоң маселеге айланганын белгиледи.

Бош орундар жарманкесине кырктан ашуун жумуш берүүчү компаниялар, 300дөн ашуун жумуш издеп жүргөн жаштар катышууда. Анда негизинен курулуш, экономика, социалдык тармактарда иштеген кызматкерлерге суроо-талап жогору болууда. Президенттин басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, жумушсуздукту кыскартуу багытында Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлиги да өз алдынча атайын иш-чараларды өткөрүүдө. Анын алкагында жумуш издеп жүргөн жаштарга резюме жазуу, жумушту кантип издөө багытында окутуулар жүрмөкчү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG