Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Айыптоочу соттон А.Аскаровду өмүр бою камоону сурады


Мамлекеттик айыптоочу Жаныш Саяков укук коргоочу Азимжан Аскаровду үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратууну соттон суранды. Бул тууралуу сот жарянына катышкан “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы Ырысбай Абдыраимов кабарлады. Мындан сырткары дагы төрт айыпталуучуга жаза өтөөнүн ушундай түрү суралып жатат. Прокурор соттолуучу Шүкүржан Мирзалимовду 25, Минура Мамадалиеваны 20 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров башында турган сегиз адам Базар-Коргон районунун аймагында 13-июнда болгон кандуу окуя боюнча адам өлтүрүүгө жана башаламандыкты уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып жатышат. Өз кезегинде А.Аскаров бул дооматтар туура эмес экенин "Азаттыкка" белгилеп, айыптарды мойнуна алган жок. Сот жараяны түштөн кийин уланат. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG