Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Биринчи май райондук соту Н.Түлеевди камоо чечимин жокко чыгарды


Бүгүн Биринчи май райондук соттун судьясы Абдразак Боромбаев ушул эле соттун 13-майда Нариман Түлеевди камакка алуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу Нариман Түлеев өзү журналисттерге кабарлады. Анын айтымында, ал "эч жакка качып кетпеймин" деп убада бергенден кийин, судья ага депутаттын мандатын алганга чейин эркин жүрүүгө уруксат берип, ал сот залынан эркин чыгып кеткен.

13-майда Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевди камакка алууга санкция берип, ага кызматтык, ыйгарым укуктарынан аша чабуу (305) беренеси боюнча иш козголгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG