Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:43

Р. Отунбаева ЕККУнун улуттук азчылык иштери боюнча комиссарын кабыл алды


Президент Роза Отунбаева бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун улуттук азчылык иштери боюнча комиссары Кнут Воллебек менен жолугушту. Жолугушууда өлкө башчы Кыргызстандагы саясий кырдаал, июнь айында тополоң орун алган аймактарды калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү, кырдаалды турукташтыруу үчүн көрүлүп жаткан чаралар, адам укуктарынын сакталышы туурасында маалымат берди. Роза Отунбаева учурда өлкөдө коомдук-саясий абал дээрлик турукташып калганын белгилеп, негизги максаттардын бири – июнь айындагы түштүктөгү улут аралык кагылышта үй-жайсыз калгандарды турак-жай менен камсыз кылуу, жаатташкан эки элди жараштыруу экенин айтты. Президент Кыргызстан ЕККУнун улуттук азчылык иштери боюнча комиссарлыгы менен иштешүүгө даяр экенин кошумчалады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG