Учкучсуз башкаруудагы эки учак согушкерлерди “ал-Каида” менен Талибан Ооганстандагы чет элдик аскерлерге кол салуу үчүн пайдаланган Түндүк Вазирстан районунан бутага алган. Алгачкы ракеталык сокку алар жашырынган жайга урулганда алты согушкер мерт болсо, экинчи сокку төрт согушкер бара жаткан автоунаага жасалган. Маалыматтарга караганда, бул чабуулдар Сирахуддин Хаккани ысымдуу талаа командирининин түйүнүнө каршы багытталган. Ал Ооганстан аймагында ондогон террактарды жана диверсияларды жасаган деп эсептелинет.