Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Түштүк Кореяда да Ирандын ядролук программасына каршы аттанды


Түштүк Корея Ирандын ядролук программасына каршы санкцияны колдоп, Ирандын банкын жазалаарын жана Тегеран менен болгон бардык финансылык операциялар кылдат көзөмөлгө коюларын билдирди. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ким Ер Сандын маалымдашынча, Ирандын ядролук жана аскерий ишканаларына миллиондогон долларды которууга көмөктөштү деп шектелген Сеул банкынын филиалы - Меллат банкы жазаланат. Иран атомдук бомба жасаганы жатат деп кооптонгон АКШ ырасмий Сеулдун кадамын колдоду.

Евробиримдик, Канада, Австралия, Япония АКШнын артынан Ирандын ядролук ишмердүүлүгүнө каршы чара колдонорун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG