Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:24

Босниядагы кыргында жоголгон 250 кишинин сөөгү көлдөн табылды


1992-95-жылдардагы Босниядагы согуш кезинде жоголгон 250гө жакын адамдын сөөгү өлкө чыгышындагы көлдөн табылды. “Биз Вышегард аймагында жоголгон 824 адамды дале издеп жатабыз. Алардын жарымы Перучач көлүнө ыргытылган деп ойлойбуз”, - деп билдирди Босниянын жоголгон адамдарды издөө мекемесинин жооптуу кызматкери Амор Масович. Эксперттердин айтымында, сөөктөр Вышеград шаарынын четинде босниялык сербдердин күчтөрү өлтүргөн мусулмандарга таандык болушу мүмкүн.

Согушта жоголгондордун сөөгүн Сербия менен Босниянын чек арасындагы Перучач көлүнөн издөө быйыл июлда башталган.

XS
SM
MD
LG