Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:50

Пайгамбардын азил сүрөтүн тарткан даниялык карикатурист сыйлык алды


Мухаммед пайгамбардын чалмасын бомбага окшотуп тарткан даниялык сүрөтчү Курт Вестергаардка Германиянын “М100 Сан-Суси Колоквиум” уюму басма сөздүн эркиндигине кошкон салымы үчүн жылдык сыйлыгын ыйгарды. Подстам шаарындагы салтанатта сүрөтчүгө сыйылыкты Германия канцлери Ангела Меркель тапшырды. 75 жаштагы Вестгаард сыйлык алардан алдың немистердин ЦДФ телканалына берген интервьюда анын тамаша сүрөттү Ислам жана Батыш маданияты ортосундагы күрөштү чагылдырганын айтты: “Бу сүрөттү тартканыма мен өкүнбөйм. Себеби, эки маданият ортосундагы салгышалуу же тирешүү эртеби-кечпи болот деп ишенем. Мен тарткан каррикатура азыр кандайдыр катализаторго айланды”.

Курт Вестергаард тарткан Мухаммед пайгамбардын 12 азил сүрөтү Даниянын гезитинде 2005-жылы басылганда мусулман өлкөлөрүндө чоң нааразылыктарды жараткан.

XS
SM
MD
LG