Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун соту 15-сентябрда уланат


Бул туурасында "Азаттыктын" аймактык кабарчысы билдирди. Укук коргоочу Азимжан Аскаровго байланыштуу кечээки сот жараянында мамлекеттик айыптоочу Жаныш Саяков укук коргоочу Азимжан Аскаровду үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратууну сураган. Укук коргоочу А.Аскаров бул дооматтар туура эмес экенин белгилеп, айыптарды мойнуна албай келет.
Укук коргоочу Азимжан Аскаров башында турган сегиз адам Базар-Коргон районунун аймагында 13-июнда болгон кандуу окуя боюнча адам өлтүрүүгө жана башаламандыкты уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып жатышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG