Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

7-апрелде каза тапкандардын үй-бүлөлөрү декабрда жаңы үйлүү болот


7-апрелде каза тапкандардын үй-бүлөлөрү үчүн Жал кичи районунда курулуп жаткан эки үйдүн курулушун декабрь айында бүткөрүү белгиленүүдө. Бүгүн курулуш иштеринин жүрүшүнө биринчи вице-премьер-министр Амангелди Муралиев күбө болду. Ал курулуш иштерин тездетүү менен турак үйлөрдү мерчемделген убакытта бүткөрүү зарылдыгын билдирди. Ушул тапта 144 квартиралуу эки көп кабаттуу үйдүн биринин фундаменти түптөлүп, дубалдары тургузулуп, биринчи кабаты монтаждалган. Экинчи үйдүн фундаментинин жарымы бүткөрүлгөн. Учурда курулушта 30 адис 3 нөөмөт менен иштеп жатат. Курулушту каржылоо бекитилген тартип менен жүрүп жатат. Эки үйдүн курулушуна 159 163,56 миң сом каражат каралган. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.(AzK)

XS
SM
MD
LG