Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Бишкекте синагогада жардыруу болду


9-сентябрда кечинде саат алтыларда Бишкекте синагогада жардыруу болду. Курмандыктар жок.
Колдогу маалыматтарга караганда, синагога Сүйүнбаев жана Жибек жолу көчөлөрүнүн кесилишинде бир кабат чакан үйдө жайгашкан. Кенен короо жайы бар. Туш тарабынан киши боюнча бийик дубал менен курчалган. Көргөн-билген адамдардын айтымында, жардыргыч затты синагоганы көздөй белгисиз бир адам дубалдан ары жагынан ыргытып жиберген экен. Кабарчыбыздын окуя болгон жерден берген маалыматына караганда, жардыруунун күчү чоң болгону байкалбайт, себеби күйгөн нерсе жок, кыйраган нерсе жок. Жардыруу синагоганын короосунда болгон сыяктанат. Короонун ичинде айнектердин сыныгы жатат. Окуя болгон жерде Улуттук коопсуздук кызматы менен ИИМдин оперативдүү тергөө-иликтөө топтору иштеп жатышат. (КС)

XS
SM
MD
LG